Ат оюндары боюнча улуттук курама команда Казакстандын Шымкент шаарында өтө турган тыйын эңмей боюнча Азия кубогуна катышат. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Ага ылайык, мелдеш 6-8-апрель күндөрү өтөт.
Команданын тизмеси:
- Талайбеков Аскат;
- Кенжебек уулу Адилбек;
- Эсенгелдиев Аман;
- Батырбек уулу Максат машыктыруучу;
- Жумакматов Улан команда жетекчиси.
Белгилей кетсек, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Кытай жана Тажикстандын курама командалары катышат.