Казакстанда өз балдарын өлтүрүүгө энеси шектелип кармалганын казак басылмалары жазууда.
Маалыматтарга караганда, Караганды облусундагы айылдардын биринен 2 жана 4 жаштагы баланын жансыз денеси табылган. Айыл тургундары балдарын энеси муунтуп өлтүргөнүн айтышкан.
"Балдардын апасы кылмышка шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Тийиштүү экспертиза дайындалды", - деп маалымат берген казак полициясы.
Башкармалык тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка маалыматтарды жарыялоого жол берилбестигин кошумчалаган.