Баткендин Кызыл-Кыя шаарында куткаруучулар бекилип калган батирдин эшигин ачып беришти. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 9:37де Кызыл-Кыя шаарындагы Асаналиев көчөсүндөгү №18 көп кабаттуу үйдө аял киши бекилип калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Куткаруучулар 3-кабаттагы батирге терезе аркылуу кирип, саат 9:58де бекилип калган эшикти ачып беришкен.
"Алдын ала маалыматка ылайык, бир жарым жаштагы бала апасы кирген бөлмөнү ойноп жатып бекитип алган. Бактыга жараша эне-баланын абалы жакшы. Жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.