
3-апрелден 7-апрелге чейин Ала-Бука РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан тилемчи аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Аталган иш-чаранын максаты көчөдө ар кандай сүрөттөрдү кармап алышып, жалган маалымат менен элди алдап жүргөн шылуундарды аныктоо болуп саналат.
"Ала-Бука районунун борбордук базарында коңшу өлкөдөн келип тилемчилик кылган (лөлү тектүү) 11 жаран РИИБдин имаратына алып келинип, алардын өздүктөрү такталып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү. Аларга 3 айга Кыргызстандын аймагына кирүүгө тыюу салынып, өздөрүнүн өлкөсүнө депорт кылынды", - деп билдиришти облустук милициядан.