Сот бычакталган 33 жаштагы келиндин күйөөсүн эки айга камакка алды

Кечээ, 5-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту 33 жаштагы Рахима Айкымбаеванын өлүмүнө шектүү катары кармалган күйөөсү Б.Кнын бөгөт чарасын карап, 4-июнга чейин тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматынан билдирди.

Эске салсак, Бишкектеги Кут жаңы конушунда үч баланын энеси, 33 жаштагы келин мурдагы күйөөсүнүн колунан каза болгон. Окуя 3-апрелден 4-апрелге караган түнү болгонун укук коргоочу Назгүл Турдубекова кабарлаган.

Көп өтпөй Биринчи май райондук милициясы кылмышка шектүү 1991-жылы туулган Б.К. аттуу жаран кармалганын билдирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан