Кыргызстан боордош казак элине 300 тонна гуманитардык жардам жөнөттү (видео)

Бүгүн, 6-апрелде Кыргызстан суу каптоодон жабыр тарткан боордош казак элине гуманитардык жардам жөнөткөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Ага ылайык, түнкү саат 4:00дө ӨКМдин гумжардам кербенин министр Бообек Ажикеев Бишкек шаарынан узатты. Казакстандын калкына күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр буюмдары, матрац жана чатырлар жөнөтүлдү. Гуманитардык жардамды даярдоо жана жеткирүү үчүн өкмөттөн 40 миллион сом бөлүнгөн.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жалпы 300 тонна гумжардам даярдалган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстанга гуманитардык жардам жөнөтүлөрүн билдирген. Анда өкмөт башчы убагында Бишкек ЖЭБиндеги жарылууда коңшу өлкөлөр жардам колун сунганын айткан.

Эске салсак, Казакстандагы суу каптоодон улам 16 миңдей адам, анын ичинен 6 миң бала эвакуацияланган. Убактылуу пункттарында 4 миңден ашуун жаран, 200дөй бала жайгашкан.

Боордош казак элине гумжардам жөнөтүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан