Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 8 өрт кырсыгы катталганын бүгүн, 8-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдириди.
Маалымдалгандай, тилсиз жоону өчүрүүгө 10 күжүрмөн эсеп тартылды.
"Чүй облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Баткен облусунда – 1 өрт катталган", - деп айтылат билдирүүдө.
ӨКМ куткаруу кызматтары тарабынан бир чыгуу болгонун жана жабыркагандар жок экенин кошумчалады.