Москванын четиндеги "Крокус Сити Холлдогу" теракт боюнча айыпталуучулар кылмышты жасагандан кийин Украинанын аймагына качып кетүүнү пландашкан. Бул тууралуу алар кезектеги сурак учурунда билдиришти, видеону Биринчи канал жарыялады.
Төртөө тең Сайфулло аттуу жаран координатор болгонун айтышкан. Маалым болгондой, координатор айыпталуучуларга Орусия менен Украинанын чек арасына жетүүнү тапшырган, ал жерден аларга чек арадан өтүп, Киевге жетүүгө жардам берилиши керек болчу. Украинанын борборуна келгенде террорчуларга 1 миллион рубль убада кылынган.
"Крокустагы" теракт 22-март күнү кечинде болгон. Натыйжада 144 адам каза болуп, 500дөн ашууну жарадар болгон. Иштин алкагында 14 адам кармалып, анын 13ү камакка алынган.