Казакстандын Самара облусунда Өзбекстандын жарандарын ташыган автобус кырсыкка учурады. Бул тууралуу Tashkent_Land телеграм каналы жазды.
Маалыматка караганда, айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Окуянын кесепетинен эки адам каза болуп, 10 адам ооруканага жеткирилген.
Кырсыкка учураган автобус "Чымкент - Нижний Новгород" каттамы боюнча каттачу.