"Аякс" футболдук клубу Нидерланды чемпионатынын 29-турунун алкагындагы беттеште "Фейеноордго" 0:6 эсебинде утулуп, клуб үчүн антирекорд койду.
Амстердам командасы үчүн бул жеңилүү 1956-жылы Эредивизия түзүлгөндөн берки тарыхтагы эң ири жеңилүү болду. Ага чейин "Аякс" эки жолу атаандаштарына 0:6 эсебинде утулуп калган – 1949 жана 1950-жылдары.
Белгилей кетсек, "Фейеноорд" менен болгон беттеште "Аякстын" оюнчулары 90 мүнөттө атаандашынын дарбазасына 1 эле сокку узатышкан, ал эми үй ээлери 30 жолу (15 дарбазага) сокку узатышкан.
29 оюндан кийин "Аякс" турнирдик жадыбалда алтынчы гана орунда турат.