Суусамырда болгон жол кырсыгынан 1 адам каза болду

Суусамырда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул маалыматты бүгүн, 8-апрелде SUPER.KG порталына Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 7-апрель саат 15:20 чамаларында Бишкек-Ош унаа жолунун 152-чакырымында болгон. Анда Тойта Альфард үлгүсүндөгү унаасы түндүктөн түштүктү карай бара жатып, жолдогу чуңкурлардан качып, карама-каршы тилкеге чыгып кеткен. Мындан улам түштүктөн түндүктү көздөй келе жаткан Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унааны сүзгөн.

Жол кырсыктын кесепетинен Хонда Степвагон унаасынын айдоочусу көз жумган. Ал эми жүргүнчү катары бара жаткан 6 жаран Жайыл районунун аймактык ооруканасына кайрылышкан.

Бул окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан