Өлкөдө бир аптада мас абалында унаа башкарган 63 айдоочу аныкталды

Өлкөдө 1-апрелден 7-апрелге чейинки аралыкта 22 миң 895 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок автоунаа башкаруу – 226;
  • мас абалында унаа башкаруу – 63;
  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 58;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 946;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 653;
  • автоээнбаштык – 5;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 512;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 3;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 13 429.

Ошондой эле 867 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короосуна киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан