O!Store дүкөнүнүн туулган күнүнүн урматына товарларга -30% арзандатуу

O!Store мобилдик товарлардын жана техниканын популярдуу дүкөндөр тармагы 8 жашка чыгып жаткандыгына байланыштуу, товарлардын жалпы ассортиментине -30% чейин майрамдык арзандатуу жарыялайт:

  • Баасы 1500 сомго чейинки аксессуарларга -30%;
  • Гаджеттерге, смарт-сааттарга, электросамокаттарга жана баасы 1501 сомдон жогору башка товарларга -10%.

8 жылдан бери кардарлар O!Store дүкөндөрүн төмөнкүдөй артыкчылыктары үчүн тандап келишет:

  • Смартфондордун ири ассортименти: O!Store – Samsung, Apple, Xiaomi, POCO, Tecno, Infinix, Realme жана башка таанымал бренддердин расмий өнөктөшү;
  • Үй үчүн керектүү акылдуу түзүлүштөрдүн жана аксессуарлардын көп түрдүүлүгү: жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетке туташуу үчүн керектүү бардык нерселер: роутерлер, винглдер, үй-бүлөлүк топтомдор бар. Мобилдик түзүлүштөргө арналган 20 миңден ашуун аксессуар: кабелдер, өткөргүчтөр, адаптерлер, легендалуу JBL брендинин акустикалык колонкалары менен кулакчындары, RivaCase немец компаниясынан акыркы модадагы сумкалар, бананкалар жана рюкзактар, портативдик заряддоочу түзүлүштөр, «Акылдуу үй» тутуму үчүн түзүлүштөр жана башка көптөгөн буюмдар;
  • Жеткиликтүүлүк: дүкөндөр тармагынын жалпы Кыргызстан боюнча 110 филиалы бар. Смартфондорду ostore.kg сайтынан тандап, 0705007000 телефону аркылуу буйрутма берип, БОНУС катары белекке +20 ГБ интернет, кулакчын жана пауэрбанк ала аласыз;
  • Ыңгайлуу бөлүп төлөө: каалаган нерсеңизди бул жерден жана азыр алып, пайызсыз жана ашыкча төлөмсүз акырындап төлөй берсеңиз болот;
  • Пайда: дайыма өтүп туруучу акциялар менен майрамдык арзандатуулардан каражаттарыңызды кыйла үнөмдөй аласыз. Кардарлар жүздөгөн белектерге ээ болушту, алдыда дагы бир топ кызыктуу нерселер күтөт;
  • Ишенимдүүлүк: расмий сатуучулардын тастыктоодон өткөн товарлары + өндүрүүчүдөн кепилдик берилген тейлөө;
  • Сапаттуу сервис: O!Store консультанттары – квалификациялуу кесипкөй кызматкерлер жана мобилдик байланыш чөйрөсүндөгү бардык маселелерди чечүү боюнча чыныгы чемпиондор. Сизге смартфондун керектүү моделин тандоо, өзүңүз үчүн ыңгайлуу тарифти кошуу жана башка көптөгөн маселелерде жардам беришет.

O!Store командасы өзүнүн кардарларына көрсөткөн ишенимдери үчүн ыраазычылык билдирет. Биз сиздердин ар бириңиздерди жогору баалайбыз жана мыкты сервис менен кубандырууну уланта беребиз!

O!Store – күнүмдүк турмушка арналган мыкты чечимдердин дүкөнү.

- Акция 2024-жылдын 8- жана 9-апрелинде гана өтөт. 30% арзандатуу баасы 1 500 сомго чейинки аксессуарларга, 10% арзандатуу – аксессуарларга, гаджеттерге, смарт-сааттарга, электросамокаттарга жана баасы 1501 сомдон жогору башка товарларга берилет. Акцияга смартфондор катышпайт. Товардын саны чектелген. Пауэрбанктар, кулакчындар, колонкалар, зымсыз заряддоочу түзүлүштөр, автоунаа үчүн заряддоочу түзүлүштөр, авто үчүн чаң соргучтар шайкештикти милдеттүү тастыктоо процедурасынан өткөн. Кредит «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан берилет. Банк кредит берүүдөн баш тартууга укуктуу.

«Дос-Кредобанк» ААКнын КР УБ 22.06.2017-ж. № 037 лицензиясы. «НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан