Кыргызстандын мусулмандары үчүн «Бакай Банктан» биринчи мобилдик банк

“Бакай Банк” Кыргызстандагы Исламдык каржылоонун алгачкы баштоочусу макамында башка атаандаштарын бир кыйла басып өтүп, банк кызматтары рыногунда кезектеги чоң секиригин жасады. Банк сыймыктануу менен уникалдуу продуктусу – BakAi мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү болгон Исламдык каржылоонун режими ишке киргенин маалымдайт. Аталган кызмат Шариаттын бардык стандарттарына жооп берет жана Кыргызстанда ага окшош кызматтар жок экенин кошумчалайбыз.

BakAi тиркемесиндеги Исламдык каржылоонун интуициялык түшүнүктүү режими кардарларга толук коопсуздукту, операциялардын купуялуулугун жана Ислам нормаларына түздөн түз шайкеш келерин кепилдейт. “Бакай Банктын” инновациялык бул продуктусу дыкат ойлонулган функциялары, эргономикалык (ыңгайлуу) интерфейси жана колдонууга жеңил болгон дизайны менен айырмаланат.

«Бакай Банк” 2018-жылы Кыргызстанда жана КМШда “Ислам каржы борбору” ислам терезесин ачуу менен кардарларга Шариат принциптерине негизделген ишенимдүү каржылык продукттун кызматтарынын уникалдуу системасын жеткиликтүү кылды. Эми бул каржылык инструментти BakAi тиркемеси аркылуу аралыктан эле каттоодон өтүп дароо колдонсо болот. Мобилдик тиркемедеги Исламдык каржылоо режими онлайн түрдө насыя алуу үчүн документтерди толтуруу жана депозиттерди ачуу мүмкүнчүлүктөрүн камтыйт.

Банктын Исламдык каржылоо категориясындагы ар бир каржы инструменти, анын ичинде дароо чыгарып берүү жана акысыз толуктоо кызматтары камтылган Исламдык каржылоо борборунун Visa жана “Элкарт” виртуалдык карталары дагы шариат принциптерине шайкеш келет жана банк менен кардардын ортосундагы адилеттүү, ачык, этикалар сакталган мамилени камсыз кылат.

“Бакай Банктын” жаңы кызматтарынын артыкчылыктары эмнеде?

Исламдык каржылоо режиминен сиздер уникалдуу продуктуларды таба аласыздар:

  • Мудараба-онлайн — сезилерлик киреше алып келүчү, ишенимге жана каражатты биргеликте башкаруу шарттарына негизделген инвестициялык продукт. Сиздин каражат Шариатта уруксат берилген долбоорлордо гана колдонулат.

Туруктуу киреше алууну жана келечекке аманаттарды топтоо мүмкүнчүлүгүн кепилдеген Мудараба-онлайнды 24/7 режиминде экранды бир нече ирет басуу менен эле ачууга болот!

  • Мурабаха — онлайн-продукт, анын жана Банктын жардамы менен тез аранын ичинде товарларды бөлүп төлөө шарты менен ала аласыз! Ошол эле учурда керектөөчүгө сатып алып жаткан товардын толук наркын айтышат.

“Бакай Банк” тууралуу төмөнкүлөрдү билүү маанилүү:

  • 2018-жылдан бери КРдеги Исламдык каржылоо тармагында лидер:
  • Кыргызстанда жана КМШ өлкөлөрүндө Ислам терезеси – Исламдык каржылоо борборун түзгөн;
  • Исламдык каржылоо тармагында көп жылдык тажрыйбага ээ;
  • Банктын алдында Шариат кеңеши иш алып барат. Анын курамына Кыргызстандагы мусулман коомчулугу ичинде беделдүү дин таануучулар, дин изилдөөчүлөр, алардын катарында дин таануучу Марс Ибраев менен теолог Кадыр Маликов да бар. Ошондой эле Исламдык каржылоо боюнча атайын чакыртылган экспертАйдар Жантурин;
  • Банктын Исламдык каржылоо борборунун ишмердүүлүгүн Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы колдоп келет;

Бакай Банктын Кыргыз Республикасынын банк секторуна Шариат нормаларына шайкеш келген инновациялык продукттарды киргизүүсү – кардарлар менен ачык, адилеттүү, калыс жана пайдалуу иштешүүгө кармалуусун далилдейт.

“КРде Исламдык каржылоо кызматтарына суроо-талаптар кескин көбөйүүдө. Ошондуктан уникалдуу сервис менен режимдин пайда болушу – каржылык сектордун өнүгүүсүнө карай маанилүү кадам. “Бакай” – Кыргызстанда гана эмес, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен да кардарларына Исламдык каржылоо режимин алгачкылардан болуп сунуштаган банк болду. Сервис Шариат нормаларына ылайыктуу акча которууларды ишке ашырууга, түрдүү кайрымдуулук иштерди жасоого жана каржылык башка жакшы иштерди аткарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Режимдин колдонуучулары Аллах жолунда Ислам дини менен Шариат талаптарынын баарын сактоо менен каржылык операциялар жасалып жатат деп терең ишенишет жана бул жаатта сарсанаа болушпайт”, - деген дин таануучу Марс Ибраев.

Исламдык каржылоо продуктуларынын артыкчылыктарын колдонуп, каражаттарыңыз диний ишенимиңизге ылайык башкарылып жана иштеп жатканына ишенимдүү болуңуз. Күнүмдүк инвестицияларды кирешелүү, ал эми зайымдарды адилеттүү жана жеткиликтүү кылуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз.

“Бакай Банк” менен бирге болуп, BakAi тиркемесинде Исламдык каржылоонун ишенимдүү дүйнөсүн ачыңыз.

08.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан