Бишкекте бейбаштыкка шектелип бир нече жаран кармалды

Бишкекте бейбаштык кылган деп шектелген бир нече жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, кечээ, 7-апрелде милицияга Б.Д. аттуу жаран, 6-апрелде коомдук тамактануучу жайларынын биринде денесине залал келтирип, узак убакыт бою мыйзамсыз кармашкан Р.С., А.М., Э.Т., Н.П., С.Т., Н.А., аттуу жарандарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган.

"Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Медициналык мекеменин маалымкатына ылайык, Б.Д. жаранда "жабык баш мээнин жаракаты, мээсинин чайкалышы, астыңкы эриндин сүрүлүшү" менен мүнөздөлгөн",-деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы кылмышты жасоого шектелип Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, 1985-жылы туулган М.А., 1981-жылы туулган А.Н., 1984-жылы туулган С.Р., 1981-жылы туулган Т.Э., 1988-жылы туулган И.И. жана 1984-жылы туулган С.М. аттуу жарандар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан