Кыргызстандын жараны 2 килограммдан ашык баңгизат менен кармалды

Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан 2 килограммдан ашык героин заты менен Кыргызстандын жараны кармалды. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү Баткен облусунун тургуну. Ал көптөн бери бул иш менен алектенип жүргөн. Аны кармоо иштери 6 айга созулуп, акыры 18-декабрда колго түшкөн. Ага тиешелүү Ниссан Максима үлгүсүндөгү унаасын текшерүү учурунда салмагы 2 килограмм 895 грамм героин табылган. Эксперттер  анын наркын 2 миллион 553 миң сомго баалашкан.        

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (Баңги каражаттарын мыйзамсыз сактоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан