Орусияда "Голос" берүүсүнүн жылдызы өз жанын кыйды

Орусияда "Голос" шоусунун жылдызы, опера ырчысы Евгений Кунгуров өз жанын кыйды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

8-апрель күнү саат 19:26да Евгений жубайына өз өмүрүнө кол салгысы келгенин жазган. Ал аялына сөөгүн ажатканадан таба турганын айткан. Аял ал учурда борбордо болгон эмес жана дароо куткаруучуларга кайрылган. Анын сөөгү Москвадагы үйлөрдүн биринин терезесинин астынан табылган.

Ал жакында эле акы төлөнүүчү клиникага психиатрга көрүнгөн. Укук коргоо кызматкерлери бул окуяны иликтеп жатышат.

Эске сала кетсек, музыкант Биринчи каналдагы "Голос" шоусунун биринчи сезонуна катышып, бүт өлкөгө белгилүү болгон.

Эки жыл мурун Кунгуров популярдуулуктан кийин ичкиликке берилип кеткенин мойнуна алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан