Ысык-Атада "Жүргүнчүлөрүм муунтуп, сабап кетти" деген таксист өзү кармалды

Ысык-Ата районунда жалган кылмыш менен милицияга кайрылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 31-март күнү А.Б. аттуу такси айдоочусу Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Анда ал ошол эле күнү саат 06:00дөр чамасында Ысык-Ата районунун Жер-Казар айылына бара жаткан жолдо ага үч жүргүнчүсү кол салып, коопсуздук куру менен муунтуп, сабап, 19 миң сом акчасын уурдап кетишкенин билдирген.

Аталган факты Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгына катталып, кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ага карата эч кандай кылмыш болбогондугу аныкталган. Ал автоунааны ижарага алуу үчүн каржылык карыздарына байланыштуу кол салуу тууралуу жалган аргументтерди ойлоп тапкан жана ал тастыкталган эмес.

Эми ага карата юридикалык баа берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан