Бишкекте чет өлкөлүктү тоногон шектүү кармалды

Бишкекте чет өлкөнүн жаранын тоногон шектүү кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылы 18-октябрда милицияга чет өлкөлүк А.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү болжол менен түнкү саат 01:00 чамасында белгисиз жаран күч колдонуп 100 долларын жана 15 миң сомун тартып алганын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-бересине (Тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1993-жылы туулган Т.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан