Өзбекстанда Орозо айттын алдында абактагы 426 кишиге ырайым кылынды

Коңшу Өзбекстанда кылмыш жасагандыгы үчүн жазасын өтөп жаткан 426 адам мунапыс менен бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев кол койгон.

Жарлык Орозо айт майрамын белгилөөгө байланыштуу.

Мунапыс берилгендердин ичинен 135 адам негизги жазасын өтөөдөн толугу менен, 200 адам шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда жаза өтөөдөн бошотулуп, 26 адамга белгиленген жаза жеңилдетилген жаза менен алмаштырылган.

Мындан тышкары 65 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылды. Ырайым кылынгандардын арасында 11 чет мамлекеттин жараны, 50 аял, 60 жаштан ашкан 13 эркек, 30 жашка чейинки 157 адам (анын ичинде 3 жашы жете элек өспүрүмдөр), ошондой эле тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкан 5 адам бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан