Айт намаз учурунда Бишкектин борборундагы көчө жабылат

Бишкекте Айт намаз учурунда 2 миң 500дөн ашык милиция кызматкери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, айт намаз 10-апрелде борбор калаадагы мечиттерде окулат. Буга байланыштуу Жумабек көчөсүнүн Абдрахмановдон Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу унаа кыймылы үчүн жабылат.

Милиция көрүлүп жаткан коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууну жана келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

"Текшерүүнү жүргүзүп жаткан милиция кызматкерлеринин талабына түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз, көрүлгөн чаралар жарандардын коноктордун коопсуздугун камсыздоого гана багытталган" деп билдирди мекеме.

Айт намаз окулуучу жерге чоң жана көлөмдүү нерселерди, учтуу, күйүүчү жана жарылуучу материалдарды, ар кандай түрдөгү куралдарды, салют жана фейерверктерди алып кирүүгө тыюу салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан