Бишкекте 3 томолой жетим мурастан мыйзамсыз ажыратылган. Башкы прокуратура иш козгоду

Бишкекте томолой жетим балдарды мурастан ажыраткан нотариуска кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун прокуратурасы райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына текшерүү жүргүзгөн.
Текшерүүдө 2021-жылдын 18-октябрында Биринчи май районунун мамлекеттик нотариусунун кызматкери тарабынан А.Э. аттуу жаран каза болгондон кийин, анын жашы жете элек 9 баласына кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү мурастоо жөнүндө күбөлүктөр берилип, мурастар бирдей бөлүштүрүлгөнү белгилүү болгон.
Бирок ошол эле күнү жетим балдардын камкорчусу Ж.Н. менен мураска калган мүлктү бөлүштүрүүдө кайрадан макулдашуу түзүлүп, ага ылайык 3 жашы жете элек томолой жетим 2004-жылы туулган А.Д., 2007-жылы туулган А.А. жана 2012-жылы туулган А.М. мураска калтырылган мүлккө болгон укугунан толугу менен ажыратылышкан.
Прокуратура аталган келишим социалдык өнүктүрүү боюнча аймактык башкармалыктын макулдугусуз нотариус тарабынан катталып, жетим балдардын мураска калган мүлккө болгон укуктары бузулганын аныктаган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү Биринчи май РИИБине тапшырылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан