Токмок шаарында тоноого шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББиден билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-мартта милицияга 2001-жылы туулган Ф.В. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 24-март саат 20:00 чамасында Космодемьянская көчөсүндө белгисиз адамдар сабап, "өлтүрөм" деп коркутуп, уюлдук телефонун жана акчасын тартып алышканын айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1975-жылы туулган К.Р. жана 1997-жылы туулган К.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.