Бишкекте дайынсыз жоголгон кыз Оштон табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош милициясына Бишкек шаарынын 2008-жылы туулган Ж.А. аттуу тургуну 2-апрелде үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу издөө багыттамасы түшкөн.
"Милиция кызматкерлери тарабынан издөө иш-чараларынын натыйжасында дайынсыз болуп жаткан өспүрүм Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна алынып келинген", - деп айтылат маалыматта.
Табылган өспүрүм менен маектешүү жүргүзүлүп, туугандарына өткөрүлүп берилген.