Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Маалымдалгандай, таш кулатуу иштери 15-апрелден 19-апрелге чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 118-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3886-чакырымы) жүргүзүлөт.
Ага ылайык, жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жабылат.
"Мындай иш-чаралар аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.