"Манас" аба майданында Бажы кызматынын кызматкерлери Стамбул-Бишкек каттамы менен келген жүргүнчүлөрдү текшерүүнүн алкагында мыйзамсыз зер буюмдарды алып кирүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде аталган кызмат кабарлады.
Маалыматка караганда, А.К. аттуу Кыргыз жараны жалпы салмагы 373,10 граммды түзгөн 24 даана алтындан жасалган зер буюмдарды кийимдердин арасына катып, бажы көзөмөлүнөн жашырууга аракет кылган. Табылган зер буюмдардын орточо базар баасы 1 миллион 905 миң 019 сомду түзөрүү аныкталган.
Чогултулган материалдар Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.