MBusiness менен бизнести оптимизациялоо: Санжар менен Сидикжон ишкерлердин тажрыйбасы жөнүндө

Бизнесте өз ишине кызыгуу, инновацияларды колдонуу жана өзгөртүүгө даяр болуу — ийгиликтин ачкычы.

Ийгиликтүү ишкерлер менен болгон маектердин сериясын улантып, Кызыл-Кыя шаарынан Санжар Балтабаев жана Сидикжон Абдуллаев бизнестеги тажрыйбалары – курулуш тармагындагы иштери, кадрларды башкаруудагы кыйынчылыктар жана санариптик трансформациянын мааниси тууралуу айтып беришти.

-Атам экөөбүз бул ишти мектеп кезимде эле, Кара-Суудагы базарга барып, керектүү материалдарды сатып алып баштаганбыз. Базардан товар сатып алып, өз шаарыбызда жана жакынкы айылдарда сатып жүргөнбүз», - дейт Санжар.

-Ошондон бери биз чоң ийгиликтерге жетиштик: азыр Өзбекстандан жана Россиядан курулуш материалдарын чет өлкөдөн товар алып келебиз
. 2019-жылдын 27-ноябрында биз «Бест Комфорт Констракшн» ЖЧКсын ачып жана ААК «Коммерциялык Банк Кыргызстан» банктан эсеп ачтык. Азыр бизде 25 кызматкерлер иштейт», - дейт Сидикжон.

Бирок ийгиликке жетүү жолунда кыйынчылыктар да болгон.

-Санжар Кытайда окуусун бүттү, мен Москвадамын, чогуу бизнес ачууну чечтик. Өнүктүрүү үчүн каражат алып, ошол эле учурда пандемия башталды. Акча жөнөтө албай, шаарлардын ортосунда жол тосулуп, банк шаарыбыздан 6 км алыстыкта жайгашкан. Экспорт токтоп калгандыгына байланыштуу заводдор товар жөнөтүүнү токтотту. Кээбирлери акчаны кайтарып беришкен. Ал кезде Бишкектен товар алып, насыянын бир бөлүгүн төлөгөнбүз. Биз акырындык менен бизнести өнүктүрө баштадык жана бүгүнкү күндө өзүбүз ири заводдор менен түздөн-түз иштешип жатабыз», - деп эстейт Сидикжон.

-MBusiness аркылуу бизнесиңиз кандай өзгөрдү жана бул кардарларыңызга кандай таасир этти?

-Эң негизгиси – MBusiness биздин убакытты үнөмдөөгө чоң жардам берет. Ал эми кардарлар үчүн төлөө ыңгайлуу болуп калды, көпчүлүгү бизге төлөмдөрдү түздөн-түз MBANK’тан MBusiness’ке комиссиясыз жөнөтүшөт. Ишкерлер катары биз үчүн айлык берүү, бардык чыгымдарды, кайда жана канчага кетип жатканын көрүү абдан ыңгайлуу.

Негизи ар кандай банктык операцияларды жүргүзүү абдан ыңгайлуу, эми банкка баруу үчүн шаарга баруунун кереги жок. Буга чейин бир эле суроо үчүн бир күндү банкка баруу менен өткөрчүбүз.

Бизнести ылайыкташтыруу үчүн сиз тапкан эң пайдалуу ТОП 3 MBusiness кызматтары кайсылар?

Биз үчүн эң ыңгайлуу – бул кеңседен чыкпай туруп эле өз эсептерибизди башкаруу мүмкүнчүлүгү.
Мага тиркеме аркылуу казына менен иштөө жагат, эмгек акы – биз онлайн төлөй алабыз, акча каражаттарын көзөмөлдөө – үй-бүлө менен саякатка чыгуу жана ошол эле учурда бизнесиңизден кабардар болуу мүмкүнчүлүгү. Январь айында биз көбүнчө үй-бүлөбүз менен чет өлкөгө саякаттаганды жакшы көрөбүз, бул мезгилде соода сезону эмес, оңой эле кете алабыз. Балдар менен убакыт өткөрөбүз.

- Ишкерлер үчүн MBusiness колдонуунун негизги артыкчылыктары эмнеде?

-Ыңгайлуу, колдонуу үчүн оңой, керектүү нерсени табуу мүмкүнчүлүгү. Бухгалтериңиз жок болсо да, баары кантип иштээрин билип, төлөмдөрдү өзүңүз жасай аласыз.

-Эгер маекти окугандан кийин биздин окурмандарыбыз да бул бизнести баштоону кааласа, эмнени сунуштайт элеңиз? Эмнеден баштоо керек?

-Ишкерликте өзүңүздү сынап, ката кетирүүдөн коркпоңуз!

Мисалы, азыр бизде негизинен кадрлар жагынан кыйынчылыктар болуп жатат. Биздин аймакта жакшы адистер жок. Бул, балким, бардык тармактарда болсо керек, анткени бизде өз ишин билген жана жакшы көргөн адистерди табуу абдан кыйын. Ошондуктан, иштебеген, окууга даяр балдарды жумушка алабыз.

Дисциплина абдан маанилүү, жумушта туура эсептерди жүргүзүү, бардыгын көзөмөлдөө жана ар бир адамдын ишин көрүү маанилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан