Оштун Кара-Кулжа районунда жөө жүргүнчүнү унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Андагы маалыматка ылайык, 9-апрель күнү саат 22:05 чамасында Кара-Кулжа районунда 1969-жылы туулган К.Э аттуу жаранды белгисиз айдоочу унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада К.Э алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
10-апрель күнү Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери айдоочунун өздүгүн аныктап, аны кармалган.
Айдоочу ошол эле айылдын тургуну Т.Ж. аттуу жаран болгон.