Жалал-Абадда эки ирет жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Сейсмология институту билдирди.
Билдиргендей, облус аймагындагы жер силкинүүлөр 10-апрелде болгон. Биринчи жер титирөөнүн очогу Ак-Таш айылынан 17 чакырым түндүктө, Каныш-Кыя айылынан 22 чакырым түндүк-батышта, Терек-Сай айылынан 42 чакырым түндүк-батышта катталган. Жер титирөө калктуу конуштарга сезилген эмес.
Экинчи силкинүүнүн очогу Арал айылынан 5 чакырым түндүк-чыгышта, Теш айылынан 9 чакырым түндүк-чыгышта, Сузак айылынан 12 чакырым түндүк-батышта саат 16:01де катталган. Арал жана Теш айылдарына жер силкинүүнүн күчү 2 баллга сезилген.