Борбордо бүгүн, 20-декабрда “Жетим балдардын укуктарын коргоо” коомдук уюму менен шаар жаштарынын “Прецедент” өнөктөштүк тобу тарабынан “Керемет жаратабыз” аттуу кайрымдуулук концерти уюштурулууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө Беловодск жана Панфилов райондорундагы мектеп-интернатындагы балдар үчүн жаңы жылдык белек алуу үчүн каражат чогултулат. Концерт “Бишкек-Парк” соода борборунда саат 16:00дө башталат.