Бүгүн, 14-апрелде Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугу уланат жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер башталат.
Анда 5 медаль топтому ойнотулуп, беш кыргыз балбаны килемге чыгат. Алар:
53 кг Айжан Сабырбек кызы;
57 кг Сезим Жуманазарова;
62 кг Айсулуу Тыныбекова;
65 кг Дилназ Сазанова;
72 кг Нурзат Нуртаева.
Азия чемпионаты борборубуздагы “Бишкек Арена” муз аренасында өтүп жатат. Мелдештер саат 11:30да башталат.