Ошто каратэ-до боюнча эл аралык "Osh Cup" турнири өтүүдө. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Ош шаарынын кубогу үчүн өтүп жаткан турнирге 6-18 жаш курактагы 400гө жакын спортчу катышууда. Анын ичинде Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген командалар да бар.
"Жеңүүчүлөр республикалык жана эл аралык турнирлерде ат салышуу мүмкүнчүлүгүн алып, медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланат",-деп айтылат маалыматта.