Коңшу казакстандык балбан Лаура Алмаганбетова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугунда коло байге уткандан кийин билдирүү жасады.
Анда казак балбан кызы коло байге үчүн күрөштө трибунадан басым болгонун жашырган жок.
"Азия чемпионаты кызыктуу өттү, мен Казакстанга медаль алып келгениме абдан кубанычтамын. Трибунадан бир аз психологиялык басым болду. Ошол учурда "жок, мен күрөштү токтотпойм жана Казакстанга медаль алып келем" деп ойлонуп күрөштүм", - деди ал.
Лаура Алмаганбетова коло байге үчүн күрөштө кыргызстандык Сезим Жуманазарова менен күрөшүп, жеңишке жеткен.