Салык декларациясын онлайн толтуруу үчүн “Мой О!” тиркемесинен электрондук кол тамганы алыңыз

Кыргызстанда бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампания уланууда. Жеке ишкерлер жана жеке жактар, ошондой эле дыйкан жана фермер чарбалары 1-майга чейин декларацияны берүүгө тийиш. Мындан тышкары, былтыркы жылы 300 миң сомдон жогору суммага мүлк сатып алган жактар салык органдарына 2023-жыл үчүн отчет берүүсү керек.

Бирдиктүү салык декларациясын кайдан жана кантип берсе болот?

КРдин Салык кызматынын сайтындагы салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирүү мүмкүндүгү бар бардык электрондук түзмөктөн декларацияны онлайн толтурууга мүмкүн.
Бул үчүн булуттук электрондук кол тамганы (БЭК) алуу зарыл.

Булуттук электрондук кол тамганы кантип алыш керек?

  • App Store’дон же Google Play’ден «Мой О!» мобилдик тиркемесин жүктөп же жаңыртып алыңыз.
  • «О!Деньги» капчыгын → «Сервистерди» → «Мам.кызматтарды» → «Булуттук электрондук кол тамганы» ачыңыз.
  • Электрондук дарегиңизди терип, маалыматтарды иштеп чыгууну ырастаңыз.
  • Сүрөткө түшүңүз.
  • Булуттук электрондук кол тамганын сыр сөзү көрсөтүлгөн электрондук дарекке жөнөтүлөт.

Кененирээк видеонускамада.

Булуттук кол тамга электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн “Түндүк” порталына кирүү үчүн да керек.

Белгилей кетели, бул кызмат акысыз жана КРдин Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” МИнин жардамы менен ишке ашырылды.

«Мой О!» тиркемесин Google Play’ден же App Store’дон жүктөп алып, заманбап санариптик кызматтардын артыкчылыктарын пайдаланыңыз.

*«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧКсы тарабынан көрсөтүлөт. КРУБдун 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лиц.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан