"Депортация". Бишкекте Пакистан менен Бангладештен келгендер кармалды (фото)

Бишкек шаарынын аймагында өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандар аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Кечээ, 14-апрелде, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ар кандай убактылуу жашаган жерлеринде Пакистан жана Бангладештен келген 130дан ашык чет өлкөлүк жарандар аныкталган. Алардын ичинен 64 адам виза мөөнөтү өтүп кеткен жана каттоосу жок жүргөн.

"Аталган чет элдик жарандар өлкөгө коомдук тамактануу, жеткирүү кызматтары, курулуш жана кийим тигүү тармагында ишке орношуу максатында мыйзамдуу түрдө келишкен. Бирок алардын көбүндө тиешелүү квалификациянын жоктугу жана айлык акынын аздыгы көйгөй болуп жатканы аныкталды", - деп билдиришти УКМКдан.

Мындан улам УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте чет элдик мыйзам бузуучуларга тиешелүү айып салуу менен административдик протоколдорду түздү. Мыйзамга ылайык, чет элдиктер келген өлкөлөрүнө депортацияланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан