Эл аралык издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМК тарабынан Интерполдун Кыргызстандагы Улуттук борбордук бюросу менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында өзгөчө коркунучтуу кылмышкер катары Интерпол эл аралык кылмыш полициясы тарабынан изделип жаткан чет мамлекеттин Ч.Д. аттуу жараны аныкталып, кармалган.
"Аталган чет өлкөлүк жаран өнүккөн өлкөлөрдүн аймагында мыйзамсыз миграцияны уюштуруу жана чет элдик жарандарды мыйзамдаштыруу боюнча адистешкен эл аралык кылмыштуу чөйрөнүн уюштуруучусу болуп саналат. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди", - деп билдиришти УКМКдан.