Ошто видеону өчүрүү үчүн акча талап кылган блогер кармалды

Ошто видеону өчүрүү үчүн акча талап кылган блогер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде, Ош ШИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Ош шаарынын 1964-жылы туулган тургуну Б.К. арыз менен кайрылган. Ал Н. аттуу аял өзүн эркин журналист, блогер, активист деп тааныштырып, Тик Ток баракчасына ар кандай аброюна шек келтирген видео тасмаларды жарыялап, тасмаларды өчүрүү үчүн 380 миң сом акча доолап жатканын айткан.

Бул факт Ош шаардык ички иштер башкармалыгына катталып, алгачкы сурак иштери жүргүзүлгөн.

Натыйжада февраль айынан тартып ушул күнгө чейин Тик Ток социалдык тармагына Назгүл деген ат менен катталган аял өзүнүн кайын сиңдиси менен бирге жабырлануучунун кадыр-баркына шек келтирген видео материалдарды жарыялап, ал видео тасмаларды өчүрүү үчүн 380 миң сом талап кылып жүргөнү аныкталган.

Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) белгилери менен кылмыш иши козголгон. Шектүү делген Б.Н. 12-апрелде шаардагы кафелердин биринен 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.

Милиция окуя боюнча комушча маалымат берилерин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан