MBANK – Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук кураманын расмий банкы

12-апрелде Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде келишимге кол коюунун расмий аземи болуп өттү, анын алкагында ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» | MBANK Кыргыз Республикасынын футбол боюнча Улуттук кураманын расмий банкы статусунда «Кыргыз футбол биримдиги» Юридикалык жактардын бирикмесинин башкы демөөрчүсү болду.

Макулдашуунун алкагында өлкөнүн инфраструктуралык объектилерин өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасында спорттун артыкчылыктуу түрлөрүнүн бири катары футболду жогорулатуу каралган.

«2024-жылы биз республикада олуттуу объектилерди жана стадиондорду курууну пландаштырып, негизги иш-чаралардын программасын макулдаштык. Биз биргелешкен күч-аракет менен футболдун өнүгүшүнө чоң салым кошо аларыбызга ишенебиз. Өлкөнүн биринчи банкы MBANK биздин стратегиялык өнөктөштөрүбүздүн бири болгону үчүн кубанычтабыз. Биз биргелешип кыргыз футболун жаңы деңгээлге көтөрүп, өлкөбүздү дүйнөлүк аренада көрсөтө алабыз деп ишенем», - деп белгилейт Кыргыз футбол биримдигинин Генералдык секретары Медербек Сыдыков.

Кол коюу аземине башкарманын төрагасы, Бектур Алиев жана Медербек Сыдыков, ошондой эле Кыргыз футбол биримдигинин башка өнөктөш компаниялары катышты.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан