“Чоро” тобу “Turkvizyon-2013” Эл аралык сынагынын финалына өттү

Кыргызстандын намысын коргоп жаткан “Чоро” тобу “Turkvizyon-2013” Эл аралык сынагынын финалына өттү. Жарым финал 19-декабрь күнү Түркиянын Эскишехир шаарында өтүп, анда ар кайсы мамлекеттен 24 катышуучу өз өнөрлөрүн сынашты. 
Финалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Украина, Азербайжан жана башка өлкөлөрдөн 12 катышуучу өттү. “Чоро” тобу тизмеде 9-орунда келе жатат.  
Белгилей кетсек, “Turkvizyon-2013” фестивалынын финалы 21-декабрда өтөт жана жеңүүчү 20 миң евро байгеге ээ болмокчу. 
Аталган сынакка катышуучуну тандоо туру Кыргызстанда 16-ноябрда  өткөрүлгөн. 
Эскерте кетсек, “Чоро” тобу "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча 2012-жылы “Жылдын супер тобу” наамына ээ болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KG_URPAGI
2013-12-20 14:51:09
Ооу! Куттуктаймын, Кыргызстандын желегин желбиретип, бийик-бийик тепкичтерди багынтып журо бергиле. Гулжигиттей женуучу болуунарга тилектешмин.
0
Гүлжан Асанкожоева
2013-12-20 15:31:41
Клаааасно, аябай жакшы көрөм ушул топту, А
Азаматтар! Ийгилик болсо экен эми дагы.
0
GULZAT82
2013-12-20 17:25:31
Азаматтар, кечинде ырдаганын кордум, аябай жакшы ырдашты,эми КУДАЙ КОЛДОП финалды да женип 20000 еврону утуп келгиле, силерге КЫРГЫЗ эли ишенет жана чыдамсыздык менен ошол мунотторду кутушот.
0
syrduu
2013-12-21 23:18:29
да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан