Жалал-Абад шаарында турак үйлөрдүн короолорун, көчөлөрдү суу каптоодо. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, нөшөрлөп жааган жаандан улам Жалал-Абад шаарындагы ички арыктарга сел суулары толуп, турак жайлардын короолорун жана көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүн суу каптаган.
"Жерине ӨКМнин куткаруучулары жана шаардын жарандык коргонуу кызматтары тартылып, сууларды мотопомпанынын жардамында сордуруп, коопсуз жайга алып чыгуу иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.