Чүйдөгү жер мафиясы: УКМК мурдагы аткаминерди кармады

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ново-Повровск жана Люксембург айыл аймактарынын аймагындагы 11 гектар жер тилкелерине менчик укугун мыйзамсыз каттоо жана легалдаштыруу үчүн соттун чечимдерин бурмалоо, мамлекеттик органдардын ишин жасалмалоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында Жер ресурстары кызматынын филиалынын мурдагы жетекчиси М.Ш., ошондой эле жер мафиясынын уюштуруучулары С.А. жана Р.М. кармалып, Октябрь райондук сотунун токтомунун негизинде УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Азыркы учурда УКМК тарабынан ыкчам-тергөө иш-чаралардын алкагында жогоруда аталган фактыга катыштыгы бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан