Кара-Сууда 5 жашар кызды зордуктоого шектелген жаранга карата 2 берене боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда кечээ, 15-апрелде, милицияга Ош облусунун 1991-жылы туулган А.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал эртең менен 2019-жылы туулган кызы уктап жаткан бөлмөсүндө жок болуп чыкканын айткан.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, тийиштүү издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, изделип жаткан кыз район аймагындагы талаадан бейтааныш жарандын автоунаасында отурган жеринен табылган.
Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (Адамды уурдоо) жана 155-беренесинин (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) негизинде кылмыш иши козголду.
Шектүү катары автоунаанын ээси Ош облусунун 1993-жылы туулган Э.уулу З. кармалып, камакка алынган. Ал эми жабырлануучу кызга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Учурда жабырлануучу кыз ата-энесинин жана дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Тергөө амалдары уланууда.