Токмок шаарындагы батирлердин биринен 1940-жылы туулган аялдын сөөгү табылды. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 20-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, Токмок шаардык куткаруу кызматы кечээ, 19-декабрда бекилип калган батирди ачып, ичиндеги үй ээси Лариса Енисееванын жансыз денесин алып чыгышкан. Учурда табылган дене Токмок шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген.