Министрлик: "Мындан ары койдун жүнү таштандыга ыргытылбай, баалуу продукцияга айланат"

Мындан кийин айыл аймактарында таштандыда жаткан жүн ыргытылбай, баалуу продукцияга айланат. Бул багытта жүндү кайра иштеткен, баасы арзан чакан өндүрүштөрдү айыл аймактарында ачууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул туурасында Айыл чарба министрлиги бүгүн, 16-апрелдеги көргөзмө-семинарда айтылганын билдирди.

Иш-чарада жүндү кайра иштетүү менен жүн жууркан (одеяло) тигүү цехи көрсөтүлдү. Жабдуулардын орточо баасы 5455 долларга барабар.

Бүгүнкү күндө ак жүндүн бир килограммы 60-100 сом, кара жүн 10-15 сомдон бааланууда. Иштетилген жүндөн улуттук кийим-кече, жууркан-төшөк (одеяло), кийизден жасалган түрдүү буюм-тайымдар чыгарылат.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев учурда кайра иштетүүчү ишканалар менен дыйкандардын байланышын бекемдөө, агрокластерди өнүктүрүү, дыйкандарга жана чакан ишканаларга ылайыкташтырылган технологияларды, бизнес моделдерди жана жабдуулардын иштөөсүн жайылтуу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатканын белгиледи.

“Айыл чарба тармагын көтөрүү үчүн кайра иштетүү өнөр жайына өзгөчө маани берилет. Бул багыттардын бири катары жүндү кайра иштетүүнү колго алуу. Мунун натыйжасында айыл жергесинде каралбай, ыргытылып жаткан жүндүн баалуулугун арттыруу аркылуу мал кармаган жарандарыбыздын кирешесин көтөрүү”, - деп билдирди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан