Бишкектеги "Каёт" түнкү клубунун жери мамлекетке кайтарылды (фото)

"Спартак" стадионунун 18 миллион 300 миң сомдук кичи аренадагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Тоголок Молдо жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги 0,0713 га жер тилкеси Бишкек шаарынын мэриясынын балансына кайтарылган.

"Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2009-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн айрым кызмат адамдары ишкердик субъектинин өкүлдөрү менен бүтүмгө келишип, ар кандай оюн-зоок жайларын долбоорлоо жана куруу үчүн Тоголок-Молдо көчөсүндөгү (мурдагы «Каёт» түнкү клубу) муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке бергендиги аныкталды.

Ошол эле учурда аталган жер тилкеси «Спартак» стадионунун кичи аренасынын аймагына таандык болуп, калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жер болуп эсептелинген.

Белгилүү болгондой, Бишкек шаарынын башкы планына жана Жер кодексине ылайык калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жер тилкелери жеке менчикке берилбейт. Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн комплекстүү иш-чаралардын натыйжасында, жер тилкесин баштапкы ээсине мыйзамсыз берүү фактысы далилденип, азыркы учурга чейин аталган жер тилкеси бир нече жолу сатылып, акыркы ээси Ж.С.К. тарабынан аянты 0,0713 га, баасы 18 миллион 300 миң сом болгон жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарымсыз негизде өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти УКМКдан.

Учурда бул фактыга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан