Баткенде 16 жашар кыз бычактан алган жараатынан улам ооруканада каза тапты

Баткенде өспүрүм кыз бычактан алган жараатынан улам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде SUPER.KG порталына облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 21:05 чамасында облустук ооруканага бычактан денесинин эки жеринен жараат алган 16 жаштагы кызды алып келишкен. Бирок кыз жарым сааттан кийин эсине келбей каза болгон.

Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Ал эми кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Учурда окуянын жагдайын аныктоо максатында тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан