Накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү максатында ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» | MBANK - «Шоро» компаниясы менен жаңы акция жарыялайт. Анын алкагында кардарлар «Шоро» суусундугун QR-код MBANK аркылуу сатып алып, 5% кешбэкке ээ боло алат.
«Биз кардарларыбыз үчүн ыңгайлуу гана эмес, пайдалуу да шарттарды түзүүгө умтулабыз. Бул акция да ошондой. Анын үстүнө онлайн төлөм жүргүзүү - салыктын бюджетке түшүүсүнүн ачык-айкындуулугун камсыздайт», - дейт, MBANK’тын стратегиялык жана санариптик өнүктүрүү директору Марат Торалиев.
5% кешбэк MBANK тиркемесиндеги QR-код аркылуу төлөм жүргүзгөн ар бир кардарга берилет.
Кешбэкти кантип алса болот?
1. Смартфонуңуздан MBANK тиркемесин ачыңыз;
2. Башкы бетте «Сканер QR-код» баскычын табыңыз;
3. QR-кодду «Шоро» сатылган жерлерден сканерлеңиз;
4. Төлөмдүн суммасын ырастаңыз;
5. Суусундук менен кошо 5% кешбэк алыңыз.
Акция 2024-жылдын 31-майына чейин уланат.
«Шоро» суусундугун MBANK менен бирге даамдаңыз!