Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков алтын медаль утту.
60 килограмм салмакта Азия чемпиондугуна катышкан Жоламан Шаршенбеков финалда япониялык Каито Инаба аттуу балбан менен кез келип, атаандашын 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.
Муну менен Жоламан Шаршенбеков карьерасында үчүнчү ирет Азия чемпиону болду.
Жеңишинен кийин ал салтка айланган "сальтосун" жасады.