Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги бидирди.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май РИИБине жабырлануучудан алдамчылык аракеттер боюнча арыз келип түшкөн. Ал 2022-жылдын күзүндө чала тааныш адам жер тилкесин сатууга жана сатып алуучуну табууга жардам берем деген убадасы менен анын 35 миң долларын алганын, кийин изин жашырып кеткенин айткан. Жабырлануучу бир жарым жылдан кийин гана милицияга кайрылууну чечкен.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 1994-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалган. Ал ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары турары аныкталды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан