Кант шаарында милиция кызматкерин сабоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 14-апрель күнү саат 4:00 чамасында Кант шаарынын Гагарин жана Зубков көчөлөрүнүн кесилишинен болжол менен 30-35 жаштар чамасындагы азиат түспөлүндөгү белгисиз адамдар 1991-жылы туулган К.Р. аттуу жарандын денесине себепсиз залал келтирген. Анын кесепетинен жабырлануучу ээгинин астыңкы жаак сөөгүнүн ачык сыныгы диагнозу менен республикалык оорукананын жаак-бет хирургия бөлүмүнө жаткырылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон. Жабыркаган жаран Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсү болгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары үч адам, 1989-жылы туулган Д.А., 1991-жылы туулган И.Т. жана 1989-жылы туулган Э.У. аттуу жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.
Учурда тергөө иштери уланууда.